У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Акырын айдоочу!!! Унаа оодарылып кеткен. Бишкекте дагы бир үрөй учурган жол кырсыгы катталды


Бишкекте кайрадан  жол кырсыгы катталды. Тактап айтканда кечее 28-июнда 19:00 чамасында Ж.Абдрахманов кең көчөсү менен Медеров көчөсүнүн кесилишинде БМВ үлгүсүндөгү унаа менен Тойота Ист унаасы сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен унаа жолдун жээгине чыгып, оодарылып кеткен. Андан эки жаран денесинен ар кандай жаракаттарды алды. Маалыматты Патрулдук милициянын басма сөз катчысы билдири.


"БМВ үлгүсүндөгү унаа менен Тойота Ист унаасы сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен 2 жаран жаракат алган. Жабыркагандардын бири аял киши. Эки унаа тең айып короосуна токтотулуп, учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда", - деди маалымат катчы.





Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter