У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Деӊгээлиӊиз "былгытма оосуракка" түштүбү?

ЖК депутаты Акылбек Жапаровго оӊтойсуз суроолор…

- Акылбек Үсөнбекович, Сизди көпчүлүк жеӊден кончко куюлганды мыкты өздөштүргөн кошоматчы, чычканга кебек алдырбаган сак, кызарган жерден кыя өтпөгөн сук дешет, ошол чынбы? Өзүӊүздү кандай адаммын деп элестетесиз?

Эгемендик алгандан бери ээрден түшпөй келесиз? Бул сиздин кыйындыгыӊызбы же шылуундугуӊузбу?

Кечээ жакында Гүлшат Асылбаева демилгелеген “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынып, коомчулук бул жагдайды сөз эркиндигине болгон кысым катары каршы болушту.

Сиз болсо, мыйзамды колдоп «былгытып оосуруп коюп отура берген туура эмес» деп бакылдадыӊыз. Ошондо сиз былгытып оосурбай, тарс оосургула дегенди айткыӊыз келдиби? Же кайсы кесиптешиӊиз «былгытып оосура берип» көӊүлүӊүз калды эле? Оозуӊузга оосурактан башка салыштыруу келген жокпу?

Деги эле «былгытма оосуракты» мүнөздөп айтып бере аласызбы? Анын жыты, таралыш чөйрөсү, башкаларга тийгизген таасири кандай болот?


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter