У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Экс-депутат Каныбек Осмоналиев үй камагына чыкты


Бул тууралуу анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов «Facebook» социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.
 
«Урматтуу достор. Кечээ 26-июнь 2020-жылы кыргыз элине опол тоодой эмгек кылган экс-депутат, мурдагы билим берүү министри, физика-математика илимдеринин доктору, мекенчил агабыз Каныбек Осмоналиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды. Азыр врачтардын көзөмөлүндө үй карантининде. Агайга тез арада айыгып катарыбызга кошулушун алла таала насип кылсын” – деп жазды ал. 
 
Эске сала кетсек, экс-депутат 2-мартта Ала-Тоо аянтында парламенттин экс-депутаты Садыр Жапаровду колдогон митингден кийин УКМК тарабынан бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп шектелип кармалган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter