У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Депутаттар башкалар үчүн да кнопкаларды басып...Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзамды кабыл алууда мыйзамсыз иштер жасалган


Жогорку Кеңеш кабыл алган “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзамды кабыл алууда мыйзам бузулгандыгы маалым болду. Жарандык активисттер мыйзам бузуу туралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаевге кайрылуу  жолдошту.

Кайрылууда "Жогорку Кеңештин регламенти боюнча, депутаттарга добушун башкага берүүгө тыюу салынат. Бирок Жогорку Кеңештин айрым депутаттары 25-июнда “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбоорун кабыл алып жатып, отурумга катышпаган депутаттардын атынан кнопканы басып жатышты” деп жазылган.

Мыйзам бузууларды мисалдар менен негиздеген кайрылууга кол койгон активисттердин бири, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова бул аракеттер төраганын, орун басарынын көзүнчө жасалганын “Азаттыкка” маалымдады:

Залда депутат Улук Кыдыралиев отурумга катышпаган депутаттардын кнопкаларын басып, алардын атынан добуш берип жүргөнүн спикер Жумабеков менен анын орун басары Касымалиева көрүп, күлүп отурушту. Тыйып, токтотуп коюунун ордуна унчукпай күлүп отурушту. Мындан тышкары залда депутаттардын көпчүлүгү жок болду, кворум болбосо, мыйзам долбоорлору добуш берүүгө коюлбашы керек болчу. Ошондуктан, биз “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзамына регламент бузуу менен, мыйзамсыз добуш берилди деп эсептейбиз”.

Мындан улам активисттер Жогорку Кеңештин 25-июндагы отуруму мыйзамсыз деп саналууга тийиштигин, анда кабыл алынган чечимдер укуктук күчү жок деп табылышын, бул фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш башталуусун, буга жол берген парламент төрагасы Дастанбек Жумабековду жана башкалар үчүн добуш берген депутаттарды кылмыш жоопкерчилигине тартууну өтүнүшкөн.

Жогорку Кеңеш 25-июндагы сессиясында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» талаштуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда удаа карап, кабыл алды. Ага 79 депутат “макул”, ону “каршы” деген добуш берди. Эми мыйзам долбоору президенттин кароосуна жөнөтүлөт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter