У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Караколдо унааны айдай качкан жигит бак сүзүп кайтыш болду


Кырсык каш-кабактын ортосунда... Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында кырчындай жигит автокырсыктан көз жумду. Тактап айтканда  26-июнь күнү саат 3:03төр чамасында Audi-A6 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Каракол-Пристань шаарчасын көздөй бара жатып, рулду башкара албай жолдон чыгып, бакты сүзгөн.  

Кырсыктын кесепетинен айдоочу каза болуп, 18 жаштагы жигит оор жаракат алып, ооруканада. Кырсыкка кабылгандар унааны айдай качкандыгы маалым болду.  Бул тууралуу Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

"26-июнда болжол менен саат 02:30 чамаларында Каракол шаарынын 22 жаштагы тургуну 18 жаштагы таанышы менен шаардагы №23 ЖАМК имаратынын алдында токтоп турган Audi-A6 үлгүсүндөгү автоунааны айдап качып кетишкен. Бирок айдоочу рулду башкара албай, жолдон чыгып кетип, кырсыктап каза болгон. Жанындагы шериги ооруканада",— деп айтылат маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter