У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аскат Мусабеков ырчы кызга үйлөндү


Белгилүү ырчы, аткаруучу, маданияттын мыкты кызматкери Аскат Мусабеков ырчы кызга баш кошту. Бул тууралуу ырчынын досу Алтынбек Кыдыралиев Марал радиосуна билдирди. 

«Азыркы учурда кызды алып кетүүгө баратабыз, Аскаттын өмүрлүк жары, буюрса, кыргыз элине жакшы ырлары менен таанылып келе жаткан, таланттуу ырчы кыз — Миргүл Асаналиева. Аскаттын келинчеги Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылынан, ал эми Аскат өзү Ак-Моюн айылынан болот»,- деп билдирди. 
 
Эске салсак, буга чейин Аскат Мусабеков белгилүү кыл кыякчы Залина Касымовага үйлөнүп, турмуш  жолу болбой эки ажырым жолго түшүшкөн. Ортолорунда бир кыз, бир уулу бар.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter