У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Москвадагы парадга Жээнбековду коштоп баргандардан коронавирус аныкталгандыктан Президент парадга катышпай калды


Москва шаарында Улуу жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскер парадына катышкан президенттердин арасында Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков көрүнгөн жок. Аталган жагдай боюнча  Президенттин маалымат кызматы тактоо жүрүп жатканын кабарлаган.

Көп өтпөй Президентти коштоп баргандардан коронавирус аныкталганы айтылды. Маалыматка ылайык,  Сооронбай Жээнбеков жана аны менен барган Кыргыз делегациясы Москва шаарында коронавируска тест тапшырган. Президентти коштоп баргандардын экөөнөн коронавирус аныкталгандыктан  президент иш-чарага катышпоо чечимин кабыл алган.

Параддын ачылышында Орусия лидери Владимир Путин сөз сүйлөп, ага Беларусиянын президенти Александр Лукашенко, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана башкалар катышты.

Президент Сооронбай  Жээнбеков 23-июнда Москва шаарына иш сапары менен барган. Ал Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышары айтылган.

Иш сапар алкагында Жээнбеков Москванын Кызыл аянтындагы аскер парадына, ошондой эле Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышары тууралуу айтылган.




Пикир калтыруу
  • Tayren
  • 26-11-2022, 14:38
  • : 14:38
    • Нравится
    • 0
order generic levofloxacin 250mg levaquin 500mg canada
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter