У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте мобилдик бригадалар ооруган адамга 3 күндө араң жетүүдө...Себеби...


Азыркы заманда коронавирус эмес, жөн гана сасык тумоо менен ооруп калгандан корккон учур болуп тургандай. Кандай гана оору менен тез жардам кызматын чакырба алар ооруп жаткандарга баруудан баш тартып, "коронавируска шектүү белгилер болсо 118 номуруна чалгыла" деп кутулушууда.

Ал эми коронавирустун белгилери боюнча кайрылган жарандар да аталган кызмат жооп бербей жатканын, жооп берсе да бригада 3 күндө араң жетип жатканын социалдык тармактардын колдонуучулары байма-бай жазып жатышат. Элдин мындай нааразчылыгына Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жооп берди.

"Мобилдик бригадалардын азыр жүгү оор болууда, күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Республика боюнча 649 группа болсо, ал дагы жетишпей жатат. Медицина кызматкерлеринин саны аз. Бейтаптарды алып кеткенге тез жардам унаасы да жетпейт. Жакында эле Бишкекте жол кырсыгы болуп, азыр эки атайын унаабыз иштебей турат. Чалган адамдарга үч күндө баруу көп убакыт. Медиктер максималдуу түрдө бир күндүн ичинде барганга аракет кылышат", — деди Каратаев.

Ал эми республикалык штабдан Бишкек шаарында мобилдик топторлун жетишсиз экенин маалымдашты. Негизи борбор калаага 106 мобилдик топ талап кылынат.  Учурда 36 мобилдик топ эле иштеп жатат.

"Республика боюнча мобилдик топтордун саны 649, борбордо нормативдер боюнча 106 талап кылынат. Бирок алардын саны 38. Ал эми эки "Тез жардам" акыркы аптада жол кырсыгынан улам бузулган", - деп жазылат маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter