У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садык Шер-Нияз: "Бокемдин жүрөгү кыргыз, Талас деп сокчу эле..."


Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз агасы Болот Шерди акыркы сапарга узатып жатып агасы "биринчи байлык ден-соолук" дебей, "биринчи байлык ар-намыс" деп, намысты колдон чыгарбай жүрүп өткөндүгүнө токтолду.

"Болот агам көк жал, баатыр эле. Менин агам мыктынын мыктысы болчу. Учурдан пайдаланып канча күндөн бери Болот агама дуба кылып, айыгып кетишин тилеген кыргыз элине ыраазычылык билдирем. Бокем башкача жашай албайт болчу. Бокем 80, 100 жашка чыкса эмне? Бирок Бокем жүрө албайт эле. Ал 80 жашка чыгып, таяк таянып жүрө албайм деп арманын айтчу. Бокем "Садык, биринчи байлык ден соолук эмес, ар-намыс" деп айткан. Бокем биринчи инсульт алганда барып "биринчи байлык ден соолук бекен?" деп сурадым. Ал күлүп туруп, биринчи байлык ар-намыс, аны эч ким жокко чыгара албайт деген. Мына ар-намыстуу Бокем бул дүйнөдөн кете берди. Бокемдин жүрөгү кыргыз, Талас деп сокчу эле. Мага Шерниязовдордун үй-бүлөсү Талас элине тизе бүгүп өткүлө деп айткан. Анткени 2010-жылы 6-апрелде Талас эли тикесинен тик туруп, эркек аттуунун баары кандуу бийликти кулатып берген. Талас кыргыз элинин намысы болуп берген. Ошондуктан Болот Шер "мени туугандарымдын арасына койгула" деп керээзин айтты эле", - дейт Садык Шер-Нияз.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter