У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ЖАМКга өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат тапшырылды

 
Бүгүн, 2020-жылдын 19-июнунда БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү тарабынан (СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык Фонддун колдоосу менен) жалпы суммасы 47,616.83 АКШ долларын түзгөн өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат тапшыруу аземи болду. Аталган аппарат Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын медициналык кызматынын поликлиникасы жана госпиталына тапшырылды.
 
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы, генерал-майор Мелис Турганбаев, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Дженти Кирш-Вуд катышты.
 
Бул керектүү жабдыктар ЖАМКнын медициналык кызматынын поликлиникасы жана госпиталына алынып келинип, COVID-19 коронавирустук инфекциясы жана дем алуу органдарынын бузулушуна алып келген башка оорулары бар бейтаптарга жардам берүү үчүн колдонулат жана ЖАМКнын медициналык кызматынын өнүгүшүнө чоң салымын кошот. 
 
Мелис Турганбаев ПРООНдун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, бул шайман өлкөдө болуп жаткан оор кырдаалда өзгөчө керектүү экенин белгиледи. Ал аталган эки шаймандын бири 47-мекемедеги борбордук ооруканага, экинчиси ЖАМКнын медициналык кызматынын поликлиникасы жана госпиталына коюларын билдирди. 
 
ПРООН / Глобалдык фонддун долбоору 2015-жылдан бери Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринде иштеп келет. Учурда АИВ жана кургак учуктун алдын алуу, диагноз коюу жана дарылоо боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. 
 
ПРООНдун долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында 2019-2020-жылдар аралыгында пенитенциардык кызмат үчүн медициналык жабдуулар, дары-дармектер сатылып алынган. Ошондой эле ВИЧ жана кургак учук менен ооруган абактагылар үчүн контролдук тесттер өткөрүлүп турат.
 
Жазаларды аткаруу тутумунун медицина кызматынын жетекчиси, ички кызматтын полковниги Назгүл Солтубекова ооруканада да, клиникада да кызматкерлерди, пенсионерлерди, ардагерлерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн кабыл алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн айтат. Алар үчүн мында тиш доктор, гинеколог, терапевт, ЛОР, окулист, психиатр кабинеттери иштеп, профилактикалык дарылоо жасалууда. Мында кичи операция жасаган хирург да бар. Өтө зарыл дары-дармектер камсыздалган. Узи ЭКГ, ЭЭГ кабинеттер уюшулган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter