У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аялын бычак менен коркутуп, барымтага алган 36 жаштагы жаран кармалды

Кечээ, 17-июнда, 20:00дөр чамасында эркек киши өзүнүн аялын бычак менен коркутуп, кафенин ичине барымтага алганын социалдык тармактардын колдонуучулары жазып чыгышты.  Ал жакка Кайгуул милициянын кызматкерлери, ыкчам-тергөө тобу менен шаардык №5 милиция бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын подполковниги Эркин Жаанбаев барган. Алар аялын бычак менен коркутуп жаткан жаран менен сүйлөшүүгө аракет кылышкан, бирок ал сүйлөшуүдөн баш тарткан. Барымтага алынган аял кыйкырган учурда, милиция кишинин колундагы кооптуу бычакты кармап калган. Бул окуя Бишкек шаарындагы "шлагбаум" деп аталган аймактагы ашкананын ичинде болгон.

Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы мас адам аялды барымтага алып, бычак көтөрүп, имараттын ичине эч кимди киргизбей жаткандыгын билдирди.
"Жаанбаев эркек кишини кеп-сөзгө келтирүүгө аракет кылып, бычагын таштоого чакырганы менен берки макул болгон эмес. Милициянын подполковниги аялдын коопсуздугу үчүн спорттук ыкманы колдонуп зордукчулдун колунан бычакты тартып алып, өзүн кыймылдатпай кармап калган", — деп билдирди шаардык милиция.

Кармалган киши болгону 36 жашта. Окуядан кийин Биринчи май ИИБге жеткирилгендиги маалым болду. 
Аялды дароо Тез жардам кызматы Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирип, медициналык жардам көрсөтүлгөн.  Аталган факты Биринчи май райондук ИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter