У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Анара Назаркулова, КР эл артисти: "Мен өмүр боюу Акылбек ийгиликке жетсин деп жашадым..."


(Ч.Айтматов "Саманчынын жолу" спектаклинен, Жер эненин образында)

- Анара эже, Акылбек Абдыкалыков агайды кимдер гана тааныбайт. Бактылуу үй-бүлөсүздөр, бирге окугансыздар, жалпысынан канча жылдан бери биргесиздер?
  • Биз бири-бирибизди 1966-жылдан бери билебиз, учурда 4 бала, 8 неберенин бактылуу ата-эне, чоң-эне чоң апасыбыз. Экөөбүз Москвада бирге окуганыбыз менен бири-бирибизге окууну бүткөндөн кийин гана көңүл буруптурбуз. (күлүп)

(Жолдошу КР эл артисти А.Абдыкалыков менен)

- Эки өнөр адамдар бир үйдө жашаган бири-бирине ыңгайлуу болсо керек же тескерисинче атаандашуу болобу?
  • Жок, атаандашуу деген нерсе таптакыр болгон жок. Мен дайыма Акылбек барсын, Акылбек башкарсын, ал эл алдында жүрөт, ушул ийгиликке жетишсин, ушул сыйлансын деп гана өмүрлүк жарымдын ийгилигине маашырланып, кубаттап жашадым. Мен эч качан Акылбекке көз артып, менин чыгармачылыгым, менин кызыкчылыгым деп алдыга озунган эмес экенмин. Бирок кудай-таалам адамдын эмгегин баалайт экен. Эретеби-кечпи кудай буюрган сыйлык келет экен. Мен абдан ыраазымын. 


("Сүтак" фильминен)

- Тарыхый каармандарды ойнодуңуз беле тасмада? Сунуштаса макулсузбу?
  • Тасмаларда жөнөкөй, жупуну байбичелердин образын көп эле жаратып келем. Ал үчүн режиссерлорго терең ыраазычылыгымды билдирем. Бирок сиз айткандай тарыхый тасмаларда роль жаратууну көксөп келем. Ал-күчүмдүн барында тарыхый каарманды сунушташса албетте кубануу менен кабыл алат элем.

(Ч.Айтматов "Кылым карытаар бир күн" спектакли. Найман эненин образында. Даярдык учуру)

Театрда эңсеп бирок жетпей калган ролдоруңуз бар чыгаар?
  • Ар бир эле артист кыялында кайсы бир ролду көксөйт. Айрымдарына жетсе, айрымдарына жетпей калат. Ошол сыяктуу менин да жеткенден жетпей калган ролдорум болгон. Бир окуяны айта кетейин. Мен Ысык-Көл облусттук К.Жантөшев атындагы драма театрында иштеп жүргөндө Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу” чыгармасындагы Толгонайдын образын моно спектакль кылып коюп бергилечи деп көп суранган элем. Ал кезде жашым да туура келчү. Абдан даярданып, географиялык жактарынан өйдө изилдеп, Толгонай кайсы жерден өткөн, кандай жерде жашаганынан өйдө изилдедим эле. Бирок буйрук эмес экен, моно спектакль коюлбай калды. Бирок билесизби, жакшы ниет кылсаң ал нерсе сөзсүз аткарылбай койбойт экен. Учурда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын репертуарындагы эң мыкты спектаклдердин бири дал ушул “Саманчынын жолу” спектаклинде Толгонайдын ролу болбосо да Жер эненин образын жаратып жатам.

    (Ч.Айтматов "Саманчынын жолу" спектаклинен, Жер эненин образында)

  • Жер энени билесиздер, адамдардын канча зулумдугун, азап-тозогун, жыргалын көргөн күчтүү, касиеттүү эне. Бул образдын өзгөчөлүгү, мурда жер эне эл алдына чыкпай, сахна артында гана сүйлөсө, бул спектаклде Жер эне эл менен аралашып жүрө берет. Толгонай менен бетме-бет сүйлөшөт. Бул спектаклдин режиссеру КР эмгек сиңирген артисти Марат Козукеевдин табылгасы. Мен Маратка абдан ыраазымын. Бул ролдо мен эки эненин образын жараткандай болдум. Көрдүңүзбү, жакшы ниет кылсаң баары бир эртеби-кечпи аткарылат экен тилегиң. Мен Тогонайдын образын көксөп жүрүп жетпей калдым эле, эми минтип ошол эле спектаклде башкы каарманды аткарып жатам. Жараткан эч качан берээрин унутпасын, жакшы тилек баары бир аткарылат экен.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter