У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Абылгазиевдин отставкасынын сыры жана Бороновдун кел-кели…



Премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев отставкага кетти. Ордуна биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов келе жатат.

Абылгазиевдин ооматы Жогорку Кеңештин 20-майдагы жыйынында депутат Жанар Акаев Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатууга байланышкан коррупция маселесин көтөргөндөн соӊ кетти. 

Эл өкүлү «Билайн» уюлдук байланыш оператору «AlaTV» компаниясын 200 МГц диапазонундагы жыштыгы менен кошуп 1 млн. 800 миң долларга сатып алып, «AlaTVнын» телеберүүгө багытталган жыштыгын уюлдук байланыш операторуна 4G интернетке колдонуш үчүн кайра каттоодон өткөргөнүн маалымдап, мындагы коррупциядан мамлекет 5 миллиард сом зыян тартканын билдирген. Депутат мисал катары мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин тушунда «О» компаниясына 15 МГц жыштык 4,5 млрд. сомго сатылганын жүйө келтирген.  Ошондой эле, Казакстандагы «Верный капитал» инвестициялык компаниясынын жетекчиси, «Билайндын» кожоюндарынын бири Ерлан Оспанов жана «Билайндын» Кыргызстандагы жетекчиси Евгений Кражан премьер-министр Абылгазиев менен жашыруун жолугушканын жар салып, «Билайндын» чоңдору менен өкмөт башчы жыштыкты сүйлөшпөсө, кайсы темада сүйлөштү» деген суроону көтөрүп, бул чырлуу иште Өкмөт башчысынын кулагы чыгып турганына коомдун көӊүлүн бурду. 

Бул кылмыш ишине байланыштуу УКМКнын эки кызматкери, Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова коррупция үчүн шектүү катары камакка алынды. Бүгүнкү күндө өкмөттүн аппарат жетекчиси, премьер-министрдин оң колу болгон Самат Кылжыев тергөө органдарына бир нече ирет сурак берип чыкты. Натыйжада, жиптин учугу премьерге келип такалып жатканы коомдо кызуу талкууланып, «эми Абылгазиев «КТ Мобайл» чырындагыдай суудан кургак чыгып, «бажагейт» чуусундай «кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты» болуп, жабылуу аяк жабылуу бойдон калбайбы деген маселе кабыргасынан коюлду. 

Бирок кандай болгон күндө дагы, азыркы күндө Абылгазиевдин жоопкерчилик маселеси бир президенттин ыӊгайына жараша чечилет десек жарашат. Ток этер жерин айтсак, президент чуулу иштин эпкини өзүнө тийбеш үчүн Абылгазиевди калкалап депутат кылат, же тескерисинче баарына көз жумуп абакка отургузат. 

Ырасында, премьер өз каалоосу менен арыз жазып кетти дегенге ишениш кыйын. Эгер президент менен макулдашпай, арызын жазып кетсе, анда карьерасына чекит коюлуп, кылмыш иши козголуп түрмөгө отуруп калышы мүмкүн. Бирок мындай батыл ишке Абылгазиевдин барышы күмөн. Демек, чечим президент тарабынан кабыл алынды десек жарашат. 


Дегенибиз, Кыргызстанда коронавирус илдети күчөп, кырдаал кескин курчуп, экономикалык абал чеке жылытпай турганда, премьер-министр кызматтын таштап өзү билип басып кете алмак эмес. Абылгазиевдин отставкасы президент менен кеӊешилип, депутаттыкка барууну көздөгөн кадам болду. Бул президентке багытталчу жебени өзүнө каршы алып, ошол эле кезде соодалашуу аркылуу өзүн абактан арачалап калуунун бирден бир жолу десек жарашат. 

Себеп дегенде, жыштык маселесиндеги коррупцияга байланган шектүү иште премьердин эле колу малынып жаткан жок. Анткени мындай ишти премьер өзү сиӊирип кетиши кыйын. Демек, президенттин айланасындагы таасирлүү фигуралардын төбөсү көрүнүшү турган иш. Абылгазиевдин кайырмакка илинбей кутулуп кетчү бирден бир көзүрү ушул жерде жатат. Депутаттыкка барууга уруксаат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болчу башка жылчык жок. 

Арийне, акыйкаттык үчүн айтканда Абылгазиев башка премьер-министрлерден начар да, артык да иштеген жок. Биздин системада буйрук ар дайым президент тарабынан берилип, маселенин баары президенттик аппаратта чечилип, жоопкерчилик ар дайым премьер-министрге артылат. Коомдогу чуулгандуу иште, экономикалык, саясий кризисте ар качан премьер сары улак катары садага чабылган адат эгемендүүлүк алгандан бери уланып келе жатат. 

Азыркы Конституция боюнча премьердин ыйгарым укуктары көп болгон менен аны колдонуу мүмкүнчүлүгүн президент Жогорку Кеӊеш аркылуу тушап алган. Себеби президенттер парламентти колго алып, алардын колу аркылуу премьердин тагдырын калчап келет. Президентти ооздуктоонун азыркы шартта бир гана жолу, кайсы бир саясий күч парламентте көпчүлүк добушту алып, өкмөттү куроо мүмкүнчүлүгүнө жетишкенде гана ишке ашат. Ансыз парламент президенттин буйругун аткарып, өкмөттүн тизгинин тартып, өздөрү да курмандык боло беришет. 

Арийне, эми премьер болуп ким келсе дагы ал буга чейинкилерден мыкты болуп реформа жүргүзүп жибербейт. Жогоруда айткандай система ага жол бербейт. Ким келсе деле илеӊ-салаӊ иш жүрө берет. 

Демек, шайлоо өнөктүгү болоор алдында, баарысын бийликтин оюндагыдай аткарган «сиздин айтканыңыздын баарын жасап, иштеп берем» деген адам гана премьер болот. Күн карама адамдан башка адам, беш айга премьер болуп келип, шайлоодон кийин тебилип кеткенди каалабайт. Бийлик өзү деле өзүнүн жеке көз карашы бар, чечкиндүү адамды шайлоо алдында премьер кылбайт. Себеп дегенде, шайлоо оюндарын бузуп, тескери иштерди жасап жиберет деп чочулайт. Депутаттарга дагы жакындарын ар кайсы кызматка койдурганга ыӊгайлуу, тил алчаак, жалтак премьер керек...

Андыктан, азыркы шартта ымтыраса да иш менен тааныш, биздин айтканды чийинден чыкпай аткарат деп Кубатбек Бороновду убактылуу кыска мөөнөткө премьерликке алып келе жатышат. Бир эсептен президент менен премьердин сырын жашырып, калкалап бергенге мурдатан жаман-жакшысына табакташ болгон сырдакана өз киши… Бороновго премьер болгонго мындан башка шарт, мүмкүнчүлүк болмок эмес.

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter