У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Франция коронавирус илдетин жеӊди

Франциянын президенти Эммануэль Макрон элге болгон кайрылуусунда Франция коронавирус илдетин жеӊди деп билдирди.  

"Эпидемия менен күрөш бүтө элек. Бирок биз вирустун биринчи толкунун жеӊгенибизге кубанычтамын. Вирус таптакыр жок болуп кеткен жок. Бул илдет менен көп убакыт жашоого туура келет окшойт. Социалдык аралыкты сактап, эпидемиялык кырдаалга байкоо салып турушубуз зарыл. Оору кайра кайталанышы мүмкүн, биз ага даяр болушубуз керек»,-деди Макрон.  

Франция 15-июндан тарта Евро Биримдикке кирген өлкөлөр менен аба каттамдарын жанданат. Ал эми 1-июлдан баштап эпидемиологиялык абалы коопсуз болгон башка мамлекеттерге чыга баштайт жана вирус катталбаган өлкөлөрдөн келген туристтерге эшигин ачат. Ошондой эле борбор шаардагы бардык ресторандар ачылат.
 
Жалпысынан Францияда 157 миӊ адам вирус жуктуруп алса, анын ичинен 72 миӊ бейтап айыгып, 30 миӊге жакын киши каза болгон.  
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter