У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өзбекстанда күчөтүлгөн санитардык эрежелер 1-августка чейин узартылды

Өзбекстандагы күчөтүлгөн санитардык эрежелер, «кызыл», «сары, «жашыл» зона режимдери 1-августка чейин узартылды. Бул тууралуу республикалык штабдын маалыматына таянып жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты. 

Өзбекстан 8-майдан тартып коронавирус илдетинин жайылуусуна карата «кызыл» вирус эӊ көп тараган, «сары» жана «жашыл» вирус жок аймактар деп өлкө аймагын үч зона режимине бөлгөн. Буга чейин вирус аз жана жок аймактагы ички каттамдар, айрым экономикалык ишканалар ишин жанданткан.  
 
15-июндан тарта кафе-ресторандар, кийим-кече базарлары ачылат. «Кызыл» зонадан башка аймакта ички поезд каттамы да жанданат жана жеке менчик бала бакчалардын ишине уруксат берилет. Ал эми мамлекеттик бала бакчалар 1-августка чейин жабык болот.
 
Өзбекстанда жалпысынан 5051 адам вирус жуктуруп алса, анын ичинен 3910 адам айыгып, 19 адам каза болду.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter