У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өзгөчө абал учурунда кызмат өтөгөн милиция кызматкерлерине кошумча төлөмдөр төлөнүп берилет

Өзгөчө абал учурунда кызмат өтөгөн милиция кызматкерлерине кошумча төлөмдөр төлөнүп берилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигининин маалымат кызматы билдирди.
 
Маалыматта, мыйзамдын негизинде өзгөчө абал учурунда кызмат өтөгөндөрдүн маянасына дагы бир айлыкка тең сумма кошулуп берилиши керек. Бул боюнча эсеп табелдери толтурулуп, Каржы министрлигине жөнөтүлгөн. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буюрмасынын долбоору тиешелүү мамлекеттик органдардан макулдашуудан өтүп жатат. Жакын арада Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын “Өзгөчө абал” учурунда кызмат өтөгөн кызматкерлерине кошумча төлөмдөр төлөнүп берилет-деп айтылат 
 
Эске салсак, буга чейин өзгөчө абал режиминде иштеген күч кызматкерлерине кошумча төлөм берилбей жатканына байланыштуу 15-июндан тартып Бишкектин төрт районунун милиция кызматкерлери жумушка чыкпай турганын айрым маалымат булактары жазган. Бул маалыматты ИИМ төгүнгө чыгарган. Бирок кошумча төлөмдөрдүн берилбей жатканын ЖКнын депутаттары да айтып чыгышкан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter