У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Саанчы» Абдалиев Салык кызматын сазга тыкты…


Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев деген бар. Ишкерлерди «чүлүктөп» алган. Салык төккөн ишкерлер түгүл, кол алдындагылардан бери «саан уйдай» көрөөрү айтылып келет. 

Мына былтыр Салык кызматы 5 миллиард сомдун ордун толтура албай калды. Бишкектин төрт району, республика боюнча Кара-Кулжа, Кочкор району баш болуп дээрлик 90% район планды аткарган жок. Өкмөт жалдырап жатып Жогорку Кеңеш аркылуу 3 миллиард сомду кыскартып, Абдалиевдин абийири жабылды. Кызыгы, калган эки миллиард сомду кайдан тапты деген суроо жаралат? 

Салык кызматкерлеринин мамлекеттик ири ишканаларга жалдырап, ишкерлердин айрымдарынан суранып, кээ бирлерин коркутуу аркылуу алдын-ала аванс катары чогулткан каражаттары да планды жапканга жеткен эмес. Салык кызматынын сайтында 2020-жылдын 8-январына чейин 2019-жылдын планы аткарылбай бакыйып илинип турган. Натыйжада, 8-январь иш күнү башталганда Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева 2 миллиард сом салыктан түшкөн каражат катары акча которуп, 2019-жылдын салыгы жабылат. Сайттагы маалыматтар кайрадан оңдолот. Мындай суудан кургак чыккан ыкманы орун басары Замирбек Мамытов аркылуу ишке ашырган. Мамытов министр Жээнбаеванын тууганы экенин танбаса керек. 


Өзүнө тагылган милдетти аткара албай, кызматынан кетет болуп, «ээрден көчүгү кыйшайып калган» Абдалиев орун басарынын жардамы менен кырдаалдан чыгып алып, анан «жаман айгыр өз үйүрүнө тап» деген жорукту баштаган.  Башкача айтканда, 2019-жылдын планын аткара албай калган райондордун жетекчилерин «кызматтан кетесиңер же…» деген талапты коёт. Ошентип, алаканы ысып, капчыгын кампайтат. Бүгүнкү күндө, ишкерлерди да кол алдындагыларды  дагы «саан уй» катары көргөн Абдалиевди жакшы көрүп, жүрөгү элжиреген ишкерди, же салык кызматкерин күндүзү чырак менен издеп табышың кыйын.  

Кабыл Абдалиев Салык кызматына жетекчи болуп келгенден бери паракорчулук эки эсеге артып, «ставка» көтөрүлгөнүн салыкчылар өздөрү кеп кылып жүрүшөт. Ал түгүл Абдалиевдин алдында  ишкерлерди тоногонго кынык алган, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланышкан өзүнчө бир топ иштээри айтылууда. Натыйжада, Абдалиевге киреше күргүштөп агылып, көзүн такыр май басканы, керек болсо Өкмөт башчысы Мухамметкалый Абылгазиевди дагы тоготпой, «маселени түз президент менен чечип алам» деп дөөгүрсүгөнү жомокко айланды десек жарашат.  

«Коррупция менен ким экенине карабай күрөш жүргүзөм, мыйзам алдында баары жооп берет», - деген Өлкө башчысы Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевдин жоруктарын эмнеге көрбөй жатат деген суроо туулат. Табакташ эмеспи? Эмне коркок-билиштиги бар? Кезинде, буга дейре Абдалиев Салык кызматынын төрагалыгынан чуу менен кеткен. Жоктон тапкансып кайра алып келишти эле, «көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы» болуп жатат…
Акыйкат Абылов


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter