У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бүгүн, улуттук филармонияда Россия күнүнө карата концерт берилет



Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Россия күнүнө карата майрамдык онлайн концерт өтөт.  Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты. 
Маалыматка ылайык, концерт Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Россиянын Кыргызстандагы элчилиги, Россиянын КМШ өлкөлөрү, чет жерде жашаган мекендештер, эл аралык гуманитардык кызматташтык иштери боюнча федералдык агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурулуп, Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылына арналат.

"Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу концерт көрүүчүлөрсүз өтүп, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясынын “Маданият. Тарых. Тил” каналы жана анын интернеттеги баракчалары аркылуу көрсөтүлөт. Концертте кыргызстандык жана россиялык ырчылар, чыгармачылк топттор өз өнөрүн тартуулайт.  Концертке “Семетей”, “Шаттык” ансамбли, “Сувенир” орус ырлар ансамбли, “Акак” комузчулар ансамбли, Кыргызтандын эл артисттери Султан Каримов жана Замира Мавлянова, эмгек сиңирген артисттери Жылдыз Осмоналиева, Юлия Руцкая, Бакыт Ыбыкеев, Тилек Найманбаев, Шайгүл Алсеитова, Каныкей Раималиева, Кайрат Примбердиев, эл аралык сынактардын лауреаттары Ирина Рыбина, Миран Жанарбаев, Адис Ардинатов, Мария Наумова, Оксана Шутова, Данияр Дөөлөтбаков, Орозбек Бакытов, Нуржигит Асанов, Акмаанай Эшбаева катышат.

Россиялык артисттердин катарында Россиянын эл артисти Надежда Крыгина, эмгек сиңирген артисттери Валерий Семин жана Нина Шацкая, Татарстандын эмгек сиңирген артисти Альберт Жалилов, эл аралык сынактардын лауреаты Евгений Южин, Л. Зыкина атындагы “Россия” мамлекеттик академиялык орус элдик ансамбли жана Алтай аймагынын мамлекеттик филармониясынын Г. Полевой атындагы “Огоньки” мамлекеттик бий ансамблинин аспаптык тобу (Барнаул шаары) катышат.
Концерт, 12 –июнь күнү саат 11:00 башталат" дейт маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter