У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өгөй атасы кол салды делген өспүрүм кыздар окуяны ойлоп табышкан деген жыйынтык чыкты


Үрөй учурган окуя үстүбүздөгү жылдын 24-апрелинде Түп районун Түп айылында катталды деген маалымат тараган. Маалыматка ылайык, Түп айылындагы үч тестиер кыз сексуалдык зомбулукка кабылгандыгы айтылып, ага шектүү катары өгөй атасы камакка алынган жана кийинчерээк үй камагына чыгарылган. Аталган окуя боюнча териштирүү иши аяктап, кылмыш иши кыскартылды.

Буга экспертизанын корутундусу негиз болду. Бул тууралуу облустук ИИБ басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Усубакуновдун айтымында, сексуалдык зомбулук тууралуу кыздар өздөрү ойлоп табышкан:

«Түптүн тургуну, кыздардын өгөй атасы аларды сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөттү деген жашы жете элек кыздар боюнча экспертизанын корутундусу чыгып, кылмыш иши кыскарды. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө Д.М. аттуу аялдын кыздары ата-энеси, жактоочу, укук коргоо органдарынын көзүнчө бул маалыматты өздөрү ойлоп тапканын айтып беришкен. Экспертизанын жыйынтыгы менен кылмыш иши кыскарды».

Кыздар ушу кезде энеси жана бир жашка чыга элек иниси менен чогуу Семеновка айылындагы “Дружная семья» жеке менчик балдар үйүндө реабилитациядан өтүп жатат. Бул тууралуу Түп райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Барктабас Абыкеевдин билдирди.

“Азыркы тапта өгөй атасы сексуалдык зомбулук көрсөттү деген маалымат тастыкталбагандыктан, Маргарита (кыздардын апасынын ысымы өзгөртүлдү) реабилитациядан өткөн соӊ, энелик укуктан ажыратылган жок. Жакынкы арада Түп айылындагы үйүнө балдары менен кайтып барат», - деди Б.Абыкеев.

Буга чейин жергиликтүү укук коргоочулар балдарына жетиштүү камкордук көрбөйт, жакыр жашайт, ичкилик ичет деген жүйөө менен Д.М. аттуу тургунду энелик укуктан ажыратуу демилгесин көтөрүшкөн.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter