У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Үсөнбаев: «Коронавирус илдети менен ооругандардын 70 пайызында оорунун симптомдору байкалган эмес»


10-июндагы онлайн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирус илдети менен ооруп ооруканага жатып чыккандардын 70 пайызында оорунун эч кандай симптомдору болбогонун айтты. 
 
«Коронавирус илдети менен ооруп, ооруканага жатып дарылангандардын 70 пайызында оорунун симптомтору байкалган эмес. Алардын анализдери вирустун бар экенин тастыктады. Бул илдет көп адамдарда жеӊил өтүп, симптомдору билинбей жатат. Бирок илдет өнөкөт оорулары барлар, жашы өтүп калган жарандар үчүн коркунучтуу болууда. Ошондуктан баарыӊыздарды дагы бир жолу кайдыгер болбоого чакырам. Оорунун кандайдыр бир белгилери байкалса дароо дарыгерлерге кайрылга, бул илдети өз алдынча дарылоого болбойт. Ооруну жашыруу менен жакын адамдарыӊардын өмүрүнө коркунуч алып келишиӊер мүмкүн. Бизге кеч кайрылган жарандардын абалы оор болуп, айрымдарын сактап кала алган жокпуз»,-деди министрдин орун басары. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter