У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирус илдетинен дагы 2 адам каза болду

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 10-июнда онлайн брифинг учурунда коронавирус илдетинен дагы эки бейтаптын каза болгонун билдирди. 

Маалыматка ылайык, каза болгондордун бири 1950-жылы туулган Чүй облусундагы Кара-Балта шаарынын тургуну. Ал ооруп Панфилов районундагы ооруканага кайрылган. Текшерүү учурунда анын анализинен вирус табылган. Атайын дарыланууга алынып, бирок өнөкөт оорулары козголуп, дарыгерлердин жардамына карабай каза болуп калган. Ал эми экинчи адам 1947-жылы туулган Жалал-Абад облусунун жашоочусу. Анын да өнөкөт оорулары көп болгон. Вирус жуктуруп алып, ооруканада дарыланып жаткан. 
 
Кыргызстанда жалпысынан коронавирус илдетинен 26 адам каза болду.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter