У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аялын сабап өлтүргөн 31 жаштагы жаран 15 жылга соттолду

Баткен райондук соту аялын сабап өлтүргөн 31 жаштагы жаранды күнөөлүү деп таап,15 жылга эркинен ажыратты. Айыпталып жаткан адам 2020-жылдын январь айында аялынын бутуна кайнак суу куюп, өлгүчө сабаган.
 
Тергөөнүн маалыматына ылайык, алар балдары менен ата-энесинин үйүнө барышмак. Бир канча убакыттан кийин айыпталуучу мас болуп келип, балдары менен аялын машинага отургузуп жолго чыккан, жолдо бара жатып ал машинаны токтотуп балдарынын көзүнчө аялын сабай баштаган. 
Ата-энесинин үйүнө барбай, кайра машинаны үйүнө айдап келип, балдарын бөлмөгө киргизип жиберип, аялын кайра сабап баштаган. Аялынын бутуна кайнак суу куюп, аскер бут кийими менен тепкилеген. Качан гана аялы эс-учун жоготуп жатып калганда, өзүнүн кийимин алмаштырып, аялын ооруканага алып барган. Ал эми дарыгерлерге болсо «аялым оорусунан улам эс-учун жоготуп койду»-деп айткан. 

Сотто айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Анын айтымында, ошол күнү аялы эки сааттай убакыт үйдө болгон эмес. Жаӊжал учурунда аялы күйөөсүнүн көзүнө чөп салганын айткан. Ошол учурда айыпталуучу өзүн кармай албай, аялын катуу сабап, өлтүрүп алган. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter