У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Кыргызстан» фракциясынын лидери Батырбеков мандатын тапшырат


Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Батырбеков мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды. Ал мандантын алдыдагы шайлоого даярдык көрүү максатында тапшырганын билдирди.
 
«Күзүндө боло турган депутаттык шайлоого даярданууга убакыт тар экендигин эске алып, убактымды көбүрөөк шайлоо иштерине жумшайын деп мандатымды тапшырууну туура көрдүм. Фракция лидерлигин да тапшырып жатам»,-деди депутат. 
 
Кече, 8-июнда «Кыргызстан» фракциясынын дагы бир депутаты Руслан Чойбеков да мандатын тапшыруу тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазган. БШК арызды 9-июнда карайт. 
 
Мындан сырткары «Кыргызстан» фракциясынын депутаттары Алмазбек Эргешов менен Жаныбек Исаев да мандаттарын тапшырган. Алар мандаттарын тапшырууларынын себебптерин алдыда боло турган шайлоолорго карата даярдык менен байланыштуу экендигин билдиришкен.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter