У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Рамзан Кадыров үйлөнүүгө шарты жок 207 жигитке акчалай жардам берет


Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров коронавирус пандемиясынан улам үйлөнүүгө шарты жок 207 жигитке акчалай жардам бере тургандыгын жарыялады. 

Маалыматта үйлөнө турган 207 жигитке калың бергенге 50 миң рублдан берилери айтылат. Каражат Ахмат Кадыров атындагы фонддон берилмекчи.

Чеченстандын Дин башкармалыгынан билдиришкендей, пандемиядан улам кызга 2 унаа менен келгенге гана уруксат берилген. Ал эми үйлөнүү үлпөт жөрөлгөсү эң жакын адамдардын курчоосунда гана өтүшү керек.

Белгилей кетсек, Чеченстанда COVID-19 инфекциялык вирусу катталгандан бери 1 миң 365 адам жуктуруп алган. Алардын ичинен 15 адам каза болсо, 993 адам айыгып чыккан. Буга чейин Рамзан Кадыровдун коронавирус жуктуруп алганы маалымдалып, бирок ал дени сак экендигин билдирген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter