У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Таласта “3-каналдын” кеңсесин өрттөп кетишти


7-июнда Талас шаарындагы белгисиз адамдар «3-канал” телеканалынын кеңсесине өрт коюп кетишкен. Бул тууралуу аталган телеканалдын жетекчиси Жаннат Токтосунова «Азаттыкка» билдирди. 

Анын айтымында, телеканалдын кеӊсеси атайын өрттөлгөн, бардык техникалар күйүп кеткен.
 
“Атайын жасалган иш деп ойлоп турамын, терезени сындырып, өрт чыгаруучу каражатты ыргытышыптыр. Эмнеге байланыштуу экенин билбейм. Эч ким менен деле чырдашкан эмеспиз”, - деди Токтосунова.
 
“3-канал” – Талас облусунда 2017-жылдан бери иштеп келатат. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter