У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирустан көз жумган 34 жаштагы келин ак кан оорусу менен жабыркачу


Тилекке каршы коронавирус 34 жаштагы кырчындай жандын өмүрүн алды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди. 

Акыркы суткада коронавирус жуктуруп каза болгон эки аялдын бири болгону 34 жашта болгон. Ал мурда ооруган адамдар менен байланышта болгон. Өзүнүн мурдагы ак кан илдетин вирус күчөтүп жиберген.

Ал эми дагы бир көз жумган жаран 82 жашта болгон. Ал кызынан вирусту жуктуруп алгандыгы айтылды.  

“Бишкек шаарынын 82 жаштагы тургуну вирусту кызынан жуктуруп алганы 30-май күнү аныкталган. Кызы "Автомаш-Радиатор” заводунда иштеп, илдетке чалдыккан экен. Маркумдун кант диабети, жүрөк оорусу жана кан басымы жогору болгондуктан вирусту көтөрө албай калды”, — деди Үсөнбаев.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус аныкталып каза болгондордун саны 22 кишиге жетти.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter