У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аялын тирүүлөй өрттөп жиберген жаран 7,5 жылга эркинен ажыратылды


Каракол шаарындагы базарлардын бирине жакын жерде бирдик салып иштеген аялын күркөөгө камап, май чачып өрттөп жиберген жаранга өкүм чыкты. Ал 7,5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу маалымат Жогорку соттун расмий сайтында жарыяланды.

Өкүмгө ылайык, ага чейин бир нече жолу соттолгон 36 жаштагы тургун арак ичип алып келинчегинин жумушуна келип ызы-чуу чыгарган. Андан соң май куюучу жайдан бир литр бензин сатып алып, аялын бирдик салып иштеген жайына камап, май чачып өрттөп, өзү ал жактан качып кеткен. Укук коргоо кызматкерлери аны бат эле колго түшүрүп, Жазык кодексинин 39-130 беренесинин ("Бейбаштык максатта киши өлтүрүүгө аракет көрүү") негизинде сотко чейинки өндүрүш ачылып, шектүү эки айга камалган.  

Ал эми 33 жаштагы жабырлануучу Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган. Келиндин колу-буту, бети күйүп, оор жаракат алганы айтылат. Тирүүлөй өрттөп жибергенине карабай жабырлануучу тосмо арыз берген, бирок аны тартип сакчылар кабал алган эмес. Себеби оор кылмыштарга тосмо арыз кабыл алынбайт. Жыйынтыгында кылмыш кылган жаран жети жыл алты айга эркинен ажырады. 






Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter