У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Иманалиев менен Бакиров «терисин» ой, партия алмаштырышты…



«Ата Мекен» партиясынын депутаты Каныбек Иманалиев менен «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын депутаты Мирлан Бакиров дегендер «Райым миллиондун» «Мекеним Кыргызстан» партиясына киришиптир. 

Бакиров партия төрагасы болсо, Иманалиев саясий кеӊештин мүчөсү болгону айтылып жатат. Экөө теӊ жеӊден кончко куюлганды мыкты өздөштүрүшүп, күн тийген жердин күкүгү катары таанылышты. 

Иманалиев «эрге тийип чыкпаган» партия деле калган жок. Оомат кимге оосо ошол жерден Иманалиевдин башы сорок дей түшөт. Алсак, «Ар намыс», «Замандаш», «Ата Мекен» айтор, кимдин күнү тууп жатса, жылмаӊдап ошол жерден пайда болот. 

Бакиров болсо «жылкы мүнөз» экенин, «жаман атка жал бүтсө, жанына торсук байлатпайт дегенди вице-спикер болгондо далилдеди. Бийликке кошомат кылып, элди «Кыргызстанда жашаганга нааразы болсоӊор Памирге кеткиле» деп зекиди. Андан кийин элге «канал каздарыш керек» деп чыкты. Премьерлер, спикерлерди мамлекет багыш керек деген мыйзамды сунуштады. Айтор элге кылчалык пайдасы жок, кошоматчы экенин көргөздү. 

Эми болсо, президенттин колдоосуна ээ болгон Райым Матраимовдун «Мекеним Кыргызстан» партиясынын чапанын жамынып депутат болууга жанталашып жатышат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter