У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


13 жаштагы кыздын апасы, кызын зордуктаган шектүүнү актаган сот Айбек Эрнис уулун жумуштан алууну талап кылууда


 
Бишкектеги соода борборлорунун биринде зордукталган 13 жаштагы секелектин апасы Биринчи май райондук соту Айбек Эрнис уулун жумуштан бошотууну талап кылууда. Бул тууралуу кыздын апасы 24.kg билдирди.
 
 «Биринчи май райондук соту Айбек Эрнис уулу кылмышкерди күнөөсүз деп таап, актаптыр. Эми бул иш 22-июнда Жогорку сотто каралат. Биз алардан акыйкат чечим күтөбүз. Кылмышкер мыйзам чегинде өз жасасын алышы керек. Ал менин кызыма зордук көрсөткөндө кызым болгону 13 жашта болчу. Сот Айбек Эрнис уулу ишти акыйкат карап, калыс чечим чыгаргандын ордуна кылмышкерди актап, эркиндикке чыгарып жиберди. А мен болсо айып пул төлөшүм керек экен да. Бул деген мыйзамсыздыктын жеткен чеги. Бизди эч ким укпайт. Кызым психологиялык соку алды»,-дейт жабырлануучу. 
 
4-июндагы сессияда депутат Айсулуу Мамашова Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу «Бишкек Парк» соода борборунун дааратканасында 13 жаштагы секелекти зордуктоо үчүн шектелген жаранды актаганын айтып, Жогорку сотту бул ишти карап, акыйкат чечим чыгарууга чакырган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter