У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сүйүнчү! Ысык-Көл областы коронавирустан арылды...


Ысык Көл областы коронавирустан толугу менен арылды. Тактап айтканда Балыкчы шаарында коронавирус жуккан акыркы бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

25 жаштагы жергиликтүү тургун 4-май күнү Москвадан келген. Андан биринчи жолу экспресс тест алынганда анын жыйынтыгы оору жок экенин көрсөткөн. Бирок кийинчерээк жасалган ПЧР анализдин жыйынтыгы оору бар экенин көрсөтүп, ага байланыштуу 20-май күнү ал бейтап обсервациядан Балыкчыдагы шаардык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө которулган.

“Бүгүн кайра алынган ПЧР анализдин жыйынтыгы таза чыгып, Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык ал жаран үй карантинине жөнөтүлдү”, — деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунда жалпы 14 бейтап коронавирус жуктурган. Учурда алардын баары айыгып, үйүнө чыгарылды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter