У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Маданият министри коомдук кабылдаманы онлайн кабыл алат. Кайсы номерлер аркылуу байланышуу керек?


Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги коомдук кабылдаманы онлайн ыкмасында жүргүзөт. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Маалыматка ылайык, министрге кандайдыр бир маселе менен кайрылгысы келген жарандар мындан ары WhatsApp аркылуу байланыша алышат. 

"Министрге кайрылууну каалаган бардык жарандар +996 701 701 581 WhatsApp номерине билдирме калтыруусу зарыл. Билдирменин аягында кайрылуучу жаран жеке WhatsApp номерин калтыруусу керек. Келип түшкөн кайрылуулар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун жеке көзөмөлүндө болуп, видео чалуулар ар жуманын шаршемби күндөрү саат 16:00 – 18:00 чейин жүргүзүлөт" дейт маалыматта. 

Ошону менен бирге, министрлик бир дагы билдирмени жоопсуз калбай тургандыгын маалымдайт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter