У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аймактар аралык каттам азырынча жанданбайт...


Өлкө ичинде аймактар аралык каттамдар азырынча жанданбайт. Шаар жана аймактар арасында элди автобус жана чакан автобус менен ташууга салынган тыюу күчүндө кала берет. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.  Карантиндик чектөөлөр кыскартылып бара жатканына карабай, бир нече тармактын иши убактылуу чектөөдө тургандагын маалымдашты.
Алар:
  • маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү иш-чараларын өткөрүү;
  • көңүл ачуучу мекемелер;
  • балдар оюн-зоок жайлары, оюн аянтчалары;
  • интернет-клубдар, ошондой эле компьютердик оюн жайлары;
  • кинотеатрлар;
  • соода борборлорунда жайгашкан тамактануу жайлары;
  • билим берүү борборлору (эгер санитардык-гигиеналык нормалар сакталып, андагылар аралыкты сактаса уруксат берилет);
  • шаар жана аймактар арасында элди автобус жана чакан автобус менен ташуу.
Бүгүнкү брифинг учурунда биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов 1инчи, 5инчи жана 7-июндан тарта дагы бир нече тармак ишин жандантаарын кошумчалады.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter