У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстан сырттан бюджетке (ичип-жегенге) 462 млн. доллар карыз алууда…


Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо учурунда «мен бюджетти кандай толтуруштун жолун жакшы билем, жакшы билем» деп айтканы элдин эсинде. 

Мына абдан жакшы билет экен, эч кандай долбоору жок эле бюджетке деп (ичип-жегенге) жарым миллиард доллар карыз алып жатат. Бюджеттин 4төн бирин карыз алып толтурат деген Кыргызстандын тарыхында боло элек болчу. Айтор, "бюджетти кантип толтуруштун жолун" көрсөтүп жатат...

Алсак, Кыргыз бийлиги менен эл аралык финансылык уюмдардын ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык, Кыргызстан сырттан 462 млн. доллар карыз алат. 

Анын ичинен Эл аралык Валюта Фондунан 2 баскыч менен болжолдуу 242 млн. доллар (241 948 003) насыя акча келди. Бул акча республикалык бюджетти толтурууга багытталды.
Азия өнүктүрүү банкынан 3 баскыч менен 120 млн. доллар алынууда.
Ал эми Дүйнөлүк банк 21 млн. 150 миң доллар бөлүп берип жатат. 
Ислам өнүктүрүү банкынан 15 миллион доллар алынууда.
Евробиримдик Кыргызстанга 33 млн. 880 миң доллар берүүдө. 
Германия өнүктүрүү банкынан 30 млн. 352,5 доллар келүүдө.

Эске сала кетсек, Коронавирус байланыштуу экономикалык кризистин кесепетинен Кыргызстандын 2020-жылкы бюджетинин киреше бөлүгүнө 30,8 млрд. сом жетпейт деп маалымдалган. Эксперттер бул сумма 40 миллиардга чейин жетиши мүмкүн экенин белгилешүүдө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter