У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Абдыкеримов–Исаев тиреши, же «Кыргызстан» партиясындагы таасир талаш…


Жогорку Кеӊешке күздө боло турган шайлоо досторду касташтырып, душмандарды достоштурмай болду көрүнөт. 

Ток этер жерин айтсак, парламент тараар алдында, «Кыргызстан» партиясынын кожоюну Шаршенбек Абдыкеримов мандат алып Жогорку Кеӊешке депутат болуп келди. Бир айлык мөөнөт калганда мандат эмне мынча зарыл болду дешип көптөр таӊ калышкан. Көрсө, партия ичиндеги саясий тирештерди жөнгө салуу зарылдыгы жаралыптыр. Бул боюнча партия ичиндеги жеке булактар айтышты. 

Учурда, партия ичинде тымызын тиреш күч алып, Шаршенбек Абдыкеримов менен Канат Исаевдин ырктары келишпей, таасир талашып жатыптыр. Шаршенбек мырзанын колдоосу менен партия төрагасы болуп, депутаттык мандатка жеткен Исаев, ичкен кудугуна түкүрүп, «партия кожоюну менмин» деген өзүм билемдикке өтүп, бийлик менен көз ымдашып, чалмакей чалып жатыптыр.

Исаевдин мындай иритмеси партия ичиндеги келишпестикти тереӊдетип, бөлүнүп жарылуу күч алып, Шаршенбек Абдыкеримовду колдогондор Канат мырзаны партиядан чыгарып, «бар өз алдыӊча оокатыӊды кыл» дешкени жатканы маалым болду. Жара жакынкы убактарда жарылат окшойт…


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter