У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Маданият министрлиги балдарды коргоо күнүнө карата “Бактылуу балалык” жумалыгын жарыялады


Маданият министрлиги 1- июнь балдарды коргоо күнүнө карата “Бактылуу балалык” жумалыгын жарыялады. Бул тууралуу  Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялады. Маалыматка ылайык, 25-майдан тартып, 1-июнга чейин "Балдар жумалыгы" деп жарыяланып, бул жумада бөбөктөр үчүн түрдүү иш чаралар уюштурулмакчы. 

"1-июнь балдардын эл аралык күнү. Балдар кичинесинде аябай чыгармачыл келишет.  Биринчиси: Балдар бул суроо берүүчү машина. Болгон курт-кумурскадан баштап космоско чейин суроо беришет. Эч убакта тайманышпайт, тартынбайт. Каалганына ар дайым жетет, жетпесе жерге жатып ыйлайт же коркутат, баары бир жетет. Эн негизгиси жылдар өттүкчө ошол касиеттерди жоготпошу керек. Аткени келечекте бир нерсени жеңүүдө ошол сапаттар эң керектүү болот. Экинчиси: Китепке, музыкага, сүрөткө кызыгуусу күчөйт, артат. Чыгармачылыгы курчуйт. Баланын андан ары алып кетишине ата-эненин, мектептин, мугалимдин орду аябай чоң. Андыктан балага көңүл бөлүү, анын талантын жаштайынан таануу, аны өнүктүрүүгө абдан көңүл бөлүүбүз керек. Бүгүн креативдүү экономика жөнүндө кеп көп козгоп калдык. Келечектин экономикасы креативдүү экономика менен тыгыз байланышканын биле баштадык. Ал эми креативдүү экономиканын эң чон бөлүгүн чыгырмачыл адамдар, программисттер жана ойлоп табуучулар түзөт. Балдардын бүгүн чыгармачылыгына кам көрүү эртенки келекти түзүү дегендик...Ушул жана башка балдарга, алардын чыгармачылыгана арналган темарларды чагылдыруу максатында, балдарга сүрөт тартуунун, театрдын, музыканын мааниси кандай экендигин билдирүү үчүн, 1- июнь балдарды коргоо күнүнө карата, “Бактылуу балалык” (25-май// 1-июнь) жумалыгын жарыялоону чечтик" деп жазылат маалыматта.

Ошондой  эле министрликтин расмий баракчасында жарандарды аталган жумалыкка активдүү катышууга чакыруулар жазылууда. 

"Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына жана 1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүнө 1- июнь балдарды коргоо күнүнө карата “Бактылуу” жумалыгын жарыялайт. Бардык бөбөктөрдү келе жаткан майрамы менен куттуктап, жумалыктын жүрүшүнө бардык жарандарды активдүү катышууга чакырат" дейт министрлик.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter