У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаровдун карындашы Райкүл Жапарова Польшадан кармалды



Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн Райкүл Жапарова Польшадан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.
 
Маалыматта, «Ысык-Көл Инвест» банкынын мурдагы төрайымы Жапарова Райкүл Нургожоевна, 2014-2015-жылдары Октябрь райондук жана Бишкек шаардык сотунун чечимине ылайык мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылган” деп айтылат. Ага мыйзамсыз акча каражатын адалдоого катышкан, кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айып тагылган.
 
Учурда Башкы прокуратура Жапарованы экстрадициялоо маселесин караштырып жатканын билдирди.
 
Эске салсак, Райкүл Жапарова учурда түрмөдө жаткан экс-депутат Садыр Жапаровдун бир тууган карындашы. Ал 2007-жылы "Ысык-Көл инвест банкын" рейдерлик жол менен тартып алган деп айыпталып, 2015-жылы соттолгон. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter