У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ош-Бишкек жолунда жеңил унаа ашуудан кулап, 4 адам мерт кетти


Ош-Бишкек жолундагы  Көк-Бел ашуусунда автокырсыктан төрт адам каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору Айбек Сатыбалдиев  маалымдады. Кырсыктан үч эркек киши, бир аялкөз жумган жана дагы үч жүргүнчү ооруканага жеткирилген. 

Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылынын 31 жаштагы жашоочусу Honda Odissey автоунаасы менен Бишкекти көздөй бара жаткан. Автокөлүктү чукул бурулуштан башкара албай, жол четинен 150-200 метр тик ылдыйга түшүп кеткен.

Анын кесепетинен Кыргыз-Ата айылынын үч тургуну жаракат алып, Кара-Көл шаарынын аймактык ооруканасына түшкөн.

Айдоочу жана жанындагы үч адам каза болгон. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаракат алгандар:

Кыргыз-Ата айылынын 20 жаштагы тургуну Т.А.; Кыргыз-Ата айылынын 18 жаштагы тургуну Р. уулу Р.; Кыргыз-Ата айылынын 22 жаштагы тургуну К. кызы А.

Айдоочуну кошпогондо, каза болгондордун экөө эркек киши, бирөө аял болгон. Алардын ким экени азырынча тактала элек.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter