У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Азиз Суракматов: "25-майдан тарта коронавирус менен күрөшүүнүн эң коркунучтуу этабы башталат"



Бишкек шаарында 25-майдан тартып коомдук транспорттор ишке чыгып, көпчүлүк тармактардын кызматы жанданат. Мындан улам шаар мэри тынчсызданып жатканын билдирди. Борбордо коронавирустун жайылып кетүү тобокелчилиги жогору экенин калаа башчысы Азиз Суракматов билдирди.

25-майдан тарта Бишкекте экономикалык ишмердүүлүк жандангандыктан коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнүн жоопкерчиликтүү жана эң коркунучтуу этабы башталат. Бүгүнкү күнгө чейин Өкмөт өзүн-өзү изоляциялоонун катаал шарттарында, коменданттык саат, ӨА жана ӨК режимдерин киргизүү менен COVID-19 вирусунун жайылышын кармап тура алды. Азыр болсо бизнестин, шаар тургундарынын жана бийликтин өз ара жоопкерчиликтүү этабы башталууда”, – деп билдирди борбор калаанын мэри Азиз Суракматов.

Ал бардык чарбалык субъекттерди жана менчик формасына карабастан бардык жетекчилерди, өзгөчө соода борборлорунун, транспорттук уюмдардын, спорттук залдардын жана базарлардын жетекчилерине эскертти, эгерде алардын объекттеринде COVID-19 вирусунун жайылышынын очогу же борбору аныкталса, КР мыйзамына ылайык жоопкерчилик каралат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter