Кичин «Торпедо-Москва» клубунда ойнойт
- 18.02.2020, 12:00,
- Спорт / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын капитаны Валерий Кичин орусиялык «Торпедо-Москва» футбол клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу
клубдун сайтында жарыяланды. «Торпедо-Москва» футбол клубу Орусиянын улуттук лигасында ойнойт жана учурда 20 команданын ичинен экинчи орунду ээлеп турат.
Кичин жаңы клуб менен ушул жылдын аягына чейин келишим түзгөн.
Буга чейин Кичин Беларустун «Динамо-Минск» футбол клубунун катарында ойноп, 2020-жылдын 12-февралында
келишимин токтоткон. Ага чейин үч жыл катары менен орусиялык «Енисей» клубунда Орусиянын улуттук жана премьер-лигаларында ойногон.
Эл аралык «Трансфер маркет» (
www.transfermarkt.com) басылмасы Валерий Кичинди былтыр
1,5 миллион еврого баалаган жана ал азыркыга чейин Кырызстандагы эң кымбат футболчу болуп саналууда.