У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


14 жылга эркинен ажыратылган К. Арапчиев эркиндикке чыкты



Парламенттин 21-майдагы жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Кылычбек Арпачиев эмненин негизинде бошотулгандыгы туурасында Башкы прокурордон сурады. 
 
«Арпачиевге карата «Коррупция» беренесин «Кызмат абалынан кыянат пайдаланган» деп өзгөртүп, мунапыс берип койдуңар. Ушул себеп менен Арапчиев боштондукка чыгып отурат», - деди Алтыбаева.
 
Коррупция беренеси менен соттолгондорго мунапыс берилбей турганын, Арапчиевде сот башка берене боюнча чечим чыгарганын Башкы прокурор билдирди. 

«Ооба, беренелер квалификация болду. Сот башка беренеге өтүп, ошону менен чечим чыгарган», -деп жооп берди Өткүрбек Жамшитов. 
 
 
Эске салсак, 2015-жылы Кылычбек Арпачиев Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдон 100 миң доллар пара талап кылган деген айып менен кармалган. Биринчи май райондук соту Арпачиевди «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча актап, «Опузалап пара талап кылуу» беренеси боюнча 14 жылга эркинен ажыраткан. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter