У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Наргиза Байызбекова: “Жашагым келет, жардам беришиңиздерди өтүнөм..."

Мекендешибиз Байызбекова Наргиза азыркы учурда өтө оор абалда. Дарыгерлердин айтуусу боюнча анын эки бөйрөгү тең соолуп калган. Ошондуктан тезинен алмаштырыш керек болуп жатат.  Ал эми атасы донор болуу үчүн анализдерди тапшырып жүрөт. Бул операция чет өлкөдө гана жасалып, ага толугу менен 40-50 миң  доллар кетет. Бирок бул каражаттын бардыгын албетте үй-бүлөсү көтөрө албайт. Ошондуктан жалпы кыргыз элинен жардам берүүнү суранышат.  Канча сом болсо дагы кайдыгер карабай, колуңуздардан келген жардамыңыздарды көрсөтөт деп ишенебиз. Наргиза бир үйдүн жалгыз кызы жана бир кыздын энеси.  Эгерде анализдердин жыйынтыгы менен  атасы донор боло алса, анда орто эсеп менен  30миң доллар каражат кетет. Ал эми атасынын каны туура келбей калса, операцияга 50миң доллар сарпталат...


Наргиза учурдагы абалы тууралуу:     
“2015-жылдан тарта мен бөйрөк оорусу менен жабыркап келем. Буга чейин дарыгерлер жакшы дарылансаң эле жакшы болуп кетесиң дегендиктен,  ата – энемдин жардамы менен жөн гана ооруканага жатып дарыланып келгем. Бирок акыркы 2020-жылдын январь айынан баштап оору күндөн күнгө күчөй баштады. Январь айынан март айына чейин Жалал-Абад облусунда жана Бишкек шаарында дарыланып келдим. Бишкектен дагы дарыгерлер дарыланып эле жакшы болуп кетесиң дегендиктен, бүгүнкү күнгө чейин  эч кимден  жардам сурабай  ата-энемдин акчасына дарыланып келгем. Ар бир  тапшырган анализдеримдин баасы 4000 сомдон кем эмес. Ал эми ооруканаша ар бир жатканым үчүн 3000 сомдон төлөйм. Бир ампула 800 же 1000 сомду түзөт, аларды күнүнө жазып бергенде көптөгөн акча кетет. Сиздерден эч качан үмүтүмдү үзбөйм, кызым үчүн мага жардам берет деп ишенем.  Азыр мен гемодиализге жумасына үч жолу барам. Ар бир  4 сааттан гемодиализде  жатканым 5000 сом болот. Ошентип жумасына 15000 сомдон акчам кетип жатат. Учурда  Бишкекте  жашаган жерим жок. Ооруканага 10 күнгө дарыланууга жаткам, ошол жактан гемодиализиме такси менен келем. Барып келишим күнүнө 200 сомдой болот. 3-4 күндүн ичинде ооруканадан чыгышым керек, чыккандан кийин кайда бараарымды билбейм. Бул жактан чыксам  гемодиализим дагы токтойт, ал эми  ал 1-2 күн токтосо бөйрөктөрүм баш тарта баштайт.  Азыркы учурда батир  издеп жатабыз, бирок аны төлөгөнгө деле чөнтөгүбүздө акча калбай калды. Ар бир кылган нерсе акча болуп жатат. Сиздердин жардамыңыздар менен акчам топтолуп, буюрса жакшы болуп кетем деген үмүттөмүн. Кызым үчүн мага жардам берет деп ишенем, кыргыз элим. Мен жашагым келет” – дейт...



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter