У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Рысбай Исаков, Манасчы: "Чон Казаттын" мааниси жана чечмелениши…


Чоң казаттын башталышына хандардын чатагы себепкер болгон. Хандардын чатагына Көкөтөйдүн ашы себепкер болгон. "Көкөтөйдүн ашы - көп чатактын башы!" - деген лакаптын төркүнү ошол жакта. Бирок бул Чоң казаттын бирден бир себеби дегенге болбойт. Эгерде хандар чатак чыгарбаганда, Чоң казат болмок эмес деген да туура эмес. Эпостун көптөгөн окуяларынын түпкүрүндө акыры бул уруш боло турган нерсе экендиги аныкталат. Ал эми Чоң казаттын өзүнө келсек, бул ички ыйкы-тыйкы уруш эмес. Жада калса, бул кыргыз менен кытайдын ортосундагы эле уруш эмес. Жалпы отурук маданият менен көчмөн маданияттын кагылышуусу болгондугун билебиз.

Чоң казаттын өзү хандардын чатагынан улам эле чыккан уруш болсо, согуштун Чоң казат аталышынын мааниси ачылмак эмес. Анткени, казат - ыйык согуш. Көкөтөйдүн ашында Коңурбай Аккуланын байгесин тартып алып кетип калган. Ал жерде маселе байгени тартып кеткендигинде эмес, намысты тартып кеткендигинде. Эзелтеден ушундай арам иштерди жасап келген куулук-шумдукка каршы күрөш ачылган Чоң казатта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter