У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эл өкүлдөрү интернет колдонуучуларын, сайттарды көзөмөлгө алуучу жаңы мыйзам сунуштап жатышат


Парламент депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова демилгелеген "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыгып,  14-майда Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга койдурушту.

Долбоорго ылайык, Интернет колдонуучулардан баштап, сайттын кожоюндары, Интернет провайдерлеринин укук-милдеттери жазылган. Ошондой эле долбоордо мыйзам бузулган учурда Интернет сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары жазылган.
“Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун максаты Интернеттеги жалган маалыматтардан коргонууну камсыз кылуу, маалымат жайылтууда Интернет провайдерлери менен колдонуучуларынын укуктары менен милдети жана буларды жөнгө салуучу органдын функцияларын аныктоо экени айтылат.

Мыйзам долбоорунун түшүндүрмөсүндө “Интернетти колдонууга байланышкан терс учурлар да жок эмес. Алар кызыкчылыктардын кеңири чөйрөсүн, анын ичинде купуя маалыматтан тартып саясатка чейин, коомдук тартип менен мамлекеттин улуттук коопсуздугуна чейинки чөйрөнү камтыйт”, - деп жазылган. Эл өкүлдөрү сунуштап жаткан Интернет жөнүндө жаңы мыйзам долбоору тогуз беренеден турат.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter