У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мектептеги ысык тамакка деген азык-түлүктөр окуучулардын үй-бүлөлөрүнө таратылууда


Кырдаалга байланыштуу окуучулар аралыктан окууга өткөндүктөн алардын ысык тамагына деп алынган азык-түлуктөр балдардын үй-бүлөсүнө таратылат. Тагыраак айтканда Кыргызстандагы 440 мектепте ысык тамакка деген азык-түлүктөр башталгыч класстагы окуучулардын үйлөрүнө жеткириле баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, республикадагы 440 мектепти "Мерсико" аттуу уюм төрт түрдүү азык-түлүк (буурчак, күрүч, өсүмдүк майы, ун) менен камсыздап келет.

"Жалпы берүү берүү мекемелери аралыктан окууга өткөндүгүнө байланыштуу аталган мектептердеги азыктардын калганы пайдаланылбай калган. Учурда алар башталгыч класстарда билим алган балдардын үй-бүлөсүнө бөлүнүп жатат", — деп жазылат билдирүүдө.

Министрлик мектептеги тамак-ашка мерчемделген 116 тонна унду да башталгач класстарда билим алган окуучулардын үй-бүлөлөрүнө таратып берүүнү баштаганын кошумчалады.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter