У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюну эмки жылы өтөт...


Кыргыз элин дүйнөгө даңаза кылган Дүйнөлук Көчмөндөр оюнунун быйыл IV жолкусу Түркияда өтмөк. Дүйнөдөгү кыйчалыш кырдаалга байланыштуу пландалган иш-чара 2021-жылга жылды. Бул туурасында Спорт, дене тарбия жана жаштар иши боюнча мамлекеттик агенттик билдирди. Мындай чечим түрк элдеринин мурдатан келе жаткан руханий байлыгын даңазалоону татыктуу өткөрүү үчүн кабыл алынгандыгы айтылды.

Мындан сырткары Түркияда өтө турган тарыхый оюнга спорттун салбуурун түрү катышпай калгандыгы айтылган. Бирок салбуурунду түрк туугандар катыштырбай жаткан жери жоктугун, бул чечимди Спорт, дене тарбия жана жаштар иши боюнча мамлекеттик агенттиги чыгаргандыгын Кыргызстан Салбуурун федерациясынын президенти Алмаз Акунов айтып чыккан.  

"Көчмөндөр оюндарына улуттук спорттун негизги делген жети түрү кирип, бирок салбуурунду алып салышыптыр. Бизде саясат, бизнес же бийлик жок. Максатыбыз — Кыргызстанга кызмат кылып, ата-бабадан калган улуу өнөрдү этноспорт катары калыптандырып, коомчулукка кеңири жеткирүү. Салбуурунду башкы спорт катары эсептебегенине нааразы болуп, программага киргизүүгө аракет кылабыз. Бизди катыштыруудан Түркия тарап баш тартып жаткан жок, чечимди Спорт агенттиги чыгарган”, — деген Акунов.

Эмки жылга чейин Түркияга алып бара турчу спорттун түрлөрү кайрадан дыкаттык каралаарына ишеним артып туралы. 






Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter