У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Абылгазиев: «Мугалимдер 30 миң сомго чейин айлык алып жатышат»


Премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев бүгүн, 13-майда парламентте: «Бүгүнкү күнү бийик тоолуу аймактарда мугалимдер 30 миң сомго чейин айлык алып жатышат. Мугалимдердин айлык акысын көтөрүү менен биз бул кесиптин артыкчылыгын көрсөтө алдык», - деп балп этти. 

Анын айтуусунда 2019-жылы республикалык бюджеттен 5 млрд. сом бюджеттик кызматкерлердин айлык акысын көтөрүүгө жумшалган.  Анын ичинен 120 миң мугалимдин айлык акысы 30% көбөйгөн. 132 мектеп жаңыдан курулган. 

Ким ишенди эл-журт. Аябай эле өнүгүп жаткан окшойбуз… 30 миӊ сом айлык алып жаткан мугалимдер, эмнеге маянаӊарды жашырып унчукпайсыӊар?..


Пикир калтыруу
Бул пикирге мен кошула албаймын себеби тоолу райондун мугалимдери ошондой алышы мумкун бирок бизде эн алдынкы айлык 16-17мин бирок ал айлык кеминде 29сааты бар мугалим алат бул мынча саат мугалимге кыйынчылык алып келет
Мен бул айткан жалган маалыматына кошулбаймын. Тоолу жерде жашайбыз. Эн эле сакалдуу,коп стажылуу эжейлерибиз 24 мин колдоруна алат. И алар дагы быйыл пенцияга кетип жатышат. А калгандарыбыз 12 минден жогору алгандар. Полный ставка менен. Аны дагы жон толошпойт. Абылгазиев озунун айылына Гана мектеп курдуруп, болгон акчаны Оз кызыкчылыктарына жумшап алып, жалган маалымат бербесин. Биз дагы ошону ойлоп жургонбуз да. Эмнеге 30 000 деп айтышат. Калган акчабыз кайда деп. Иш ордунан козголсо ошол деп ичкен акчасын отчётун эмне кылып берет экен. Актанып баштагандагысыбы. Бул туура эмес маалымат. 
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter