У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Асел Орозбаева: "Чоң атам: "Балдарым, согуштун жүзү курусун, биз көргөндү силер көрбөгүлө» деп улутунуп калаар эле"

Бүгүн Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы! Бүгүн Улуу майрам! Биздин азыркы бейпил турмуш үчүн  канчалаган  аталарыбыз жанын берген улуу күн. Карт тарыхты барактап отуруп, элим-жерим деп күйгөн канчалаган чыныгы баатырлар окко учканын көрүп зээниң кейит. Энелердин көз жашынан, аталардын эрдигинен, канынан-жанынан жаралган Улуу Жеңиш күнүбүз кут болсун. Аталар! Биз сиздерди эч качан унутпайбыз! Эрдик менен мекенине кайткан аталарыбызды эскеребиз. Бул сапар согуштун ардагери, Улуу Ата-Мекендик согушта жанын оозуна тиштеп, мекени үчүн кан кечип, эрдик кылган, 1945-жылы апрель айында Берлинди алууга жигердүү катышкан ардагер атабыз Орозбай Көчөрбаевди эскеребиз. Анын өмур жолу, согуштагы эрдиги тууралуу небереси, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кенже илимий кызматкери Асел Орозбаева айтып берет.


Атасын ардактап, энесин сыйлап, арбагын кастарлаган элден эгер экөө болсо, анын бири кыргыз болоор. Ушундай касиети бийик элдин перзенти болуп туруп, ата-баба арбагын эскерип, куран окуп, улам кийинки урпакка алар тууралуу айтып турбасак болбос. Адамдын адам болуп калыптанышына ата-бабанын – ата журттун жана тай журттун опол тоодой тарбиясы, андан да маанилүүсү - гени түздөн-түз таасир этээри бышык. Ген демекчи, тамырыңда кимдин каны айланууда, элиң ким, жети атаң ким – мунун баары адамдын бешенесине бүткөн тагдыры, арманы, бактысы. Бакыт демекчи, Орозбайдай чоң атамдын жана Турардай чоң апамдын канынан, жанынан жаралуу – Орозбай тукумунун ар бир пендесинин бактысы деп билем. Чоӊ атам Орозбай бүткүл Талас өрөөнүнө гана эмес республикага эмгеги сиӊген инсан болгон. Адистик артыкчылыгына адамдык артыкчылыгы бир теӊ келип, турпатына адамдыктын эӊ бир асыл касиеттерин сиӊирип, пендечиликтен бийик тураар эле. Ал эми чоӊ апам Турар – зыӊкыйган келбетине кайраттуу мүнөзү жарашкан, ырыс-кешикке аяр мамиле жасаган сарамжал, такыба, келишимдүү жан болгон. Мына ушундай инсандардын уул-кызы болуу бакыт эмей эмине?
Чоң атам жарыктык мүнөзү жумшак, адамдын жакшы жагын гана көргөн, жашоого жылмая караган бир асыл адам болчу. Бүт өмүрүн элге кызмат кылууга, кийин жаш муундарды тарбиялап, билим берүүгө арнаган, эч бир жандын көӊүлүн оорутпаган пакиза, момун, парасаттуу бир керемет адам эле. Чоӊ апам экөө биздин үйгө көп келчү. Алардын караанын көрөөр менен «төркүнүм келатат, ура!» деп чуркап тосуп алсам күлүп калышчу. Чоӊ атам колубуздун сыртынан аяр өөп, кудум эле Европанын аристократтарындай учурашчу. Чоӊ энем желкемден жыттап, ыйыгымдан сылап койчу. Башкаларга окшобогон мындай учурашуу өмүр бою сагындыраарын ал кезде билмек кайдан…


Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери чоң атам Көчөрбаев Орозбай 1926-жылы Талас облусунун Шумкар-Уя аймагында дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Улуу Ата-Мекендик согушка 1944-жылы 28-октябрында аттанган. Алгач Алма-Атадагы аскердик даярдыктан өтүп, 89-Батыш аткычтар полкуна кызмат өтөөгө жөнөтүлөт. Советтик армиянын түштүк фронтунун катарында Ростов-на-Дону аркылуу Дон дарыясын кечип, Украинаны көздөй согуштук жолу башталган. 1944-жылы январь айында Украинанын Корсунь-Шевченко, Кирвоград шаарларын, Молдованын Кишинев шаарын жана Польшаны бошотууга жигердүү катышат. Согуштук тапшырманы ийгиликтүү аткаргандыгы үчүн бир нече жоокер, алардын арасында чоң атам Көчөрбаев Орозбай жогорку даражадагы "Кызыл Жылдыз" медалы менен сыйланат. 1945-жылы Варшаваны бошотууга катышат. Натыйжада, согуштук операцияларды ийгиликтүү аткаргандыгы үчүн II даражадагы "Суворов" ордени менен сыйланат. 1945-жылы апрель айында Берлинди алууга жигердүү катышат. Согуштагы өзгөчө эрдиги бааланып, Көчөрбаев Орозбай "За взятие Берлина" медалы, II даражадагы "Отечественная Война" ордени ж.б. көптөгөн орден, медальдар менен сыйланган. Жеңиштен кийин 1945-жылдан 1946-жылдын октябрь айына чейин Советтик армияда кызмат өтөөгө калтырылат.

Согуштан 1946-жылы күзүндө кайтып келип, өз айылында жаш муундарга мугалим болуп эмгектене баштайт. 1947-жылы чоң апам Турар экөө баш кошушат. 1949-жылы Чаткал райком комсомолунун 1-катчысы болуп дайындалат. Бул кызматта 5 жыл эмгектенип, Фрунзедеги Кыргыз Мамлекеттик Университетине билимин жогорулатуу үчүн үй-бүлөсү менен келет. 1954-57-жылдар аралыгында чоң атам Кыргызстан КП БКнын алдындагы жогорку партиялык үч жылдык мектепти жана КМУнун “кыргыз тили жана адабияты”  бөлүмүн артыкчылык менен аяктайт. 1956-жылы Талас райком партиясында пропаганда, үгүт иштери боюнча бөлүм башчы болуп эмгектенет. 1957-жылы жаңы ачылган Арал орто мектебинин эң алгачкы директору болуп дайындалат. 1960-жылы Коммунизм колхозунун парторгу кызматын аркалайт. 1963-жылы Арал айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланат. 1965-жылы Победа колхозунун парторгу болуп бекитилет. Колхозчуларга, өзгөчө жаштарга жогорку окуу жайлардан билим алууга шарт түзүп, партиялык жана комсомолдук уюмдардын иштерин чыңдаган. Эмгек өргүүсүнө чыкканга чейин Арал мектебинде мугалим болуп эмгектенет. Мугалимдик эмгеги бааланып, 1985-жылы СССР Эл Агартуунун Отличниги төш белгиси менен сыйланат.

Чоӊ атамдан согуш тууралуу көп сурадык, көп эле окуя айтты. Алардын эсте калгандары булар: Берлинди алуудагы салгылашта чоң атам совет жоокерлерин тымызын атып жүргөн совет солдатын байкап калып, болду-болбоду чыккынчы окшойт деп анын изине түшүп, акыры атып өлтүрөт. Бул окуяны күбөлөр генералга докладдап чоң атам генералдын алтын сааты менен сыйланат. Генерал алтын саат ээсине ийгилик, бийик кадыр-барк алып келээрин айтып, эч кимге бербөөсүн суранат. Чындыгында эле чоң атамды өмүр бою ийгилик гана коштоп жүрдү. Бир күнү кезектеги салгылашуудан кийин майданда ротасынан адашып калып, түн бир оокумга чейин ротасын издеп жүрүп, бир ойдуӊдан жуушап жаткан койлорду көрүп, кайдагы койлор деп таӊ берип, арасына барып жылууланып уктап калат. Таӊда чочуп ойгонуп, өлүк солдаттардын арасында жатканын көрүп жүрөгү болк эткен экен. «Ошондо Кудай мага боору ооруп, уктап, эс алсын деп көзүмө койлорду көрсөтүп койгон окшойт, балким түндө айдын жарыгында сөөктөрдү көргөнүмдө катуу коркуп тил ооздон калып же бир нерсе болуп кетээр белем», - деп калчу.

Күндөрдүн биринде эки аптадай ачка калган солдаттарга кара нан келип, жалаӊ суу шыӊгытып ичип жүргөн немелер абдан талашып, тоё жеп алышат. Чоӊ атам: "Аз эле жегиле өзөгүӊөргө түшүп кетип өлүп каласыӊар", - деп тызылдаса да эч бири угуп койбой жанталашып нандан бурдай беришет. Ошол түнү бир топ солдат көз жумган экен. Ушул окуядан улам чоӊ атамдын сабырдуулугу, сыпайылыгы эске түштү. Башына кандай мүшкүл түшсө дагы сабыр менен көтөрчү, тамак-ашка жулунбаган ток пейил, сыпайы эле. Себеби, бала кезинде бирде ач, бирде ток жүрүп, турмуштун өйдө-ылдыйына бышкан экен. Ушуларды айтып отуруп көзүнө жаш ала: «Балдарым, согуштун жүзү курусун, эч качан согуш болбосун, биз көргөндү силер көрбөгүлө» деп улутунуп калаар эле.

Үнү коӊур бийик болчу. Чоң апам экөө комузда кол ойноткон, элдик ырларды таңшып ырдаган таланттуу инсандар эле. 
«Жаш элек шайыр шаттанган, 
Алыска сапар аттанган. 
Кылкылдап поезд баратса, 
Кылгырып көздөн жаш тамган,
А-а-аай, о-о-оой, Нарындан жазган салам кат, - деп ырдаса тимеле жыргап укчу элек. Андан да кызыгы азыр менин уулум ушул ырды аябай сүйүп угат. Там-туӊ басып жүргөн кези эле, эӊ алгачкы жолу укканында тыӊшап берилип калды. Анан ушул ыр жаӊырып калса эле тык токтоп кулак салат. Ошондон тарта балдарыма ушул ырды ырдап уктатам. Чоӊ тайатасынын каны бар да деп сүйүнүп калам.
Жарыктык таза, тартиптүү киши эле, жатаарда кийимдерин бүктөп, бийигирээк коюп, келме келтирип, Кудайга жалынып, «балдарымдын астында кетсем экен» деп тилек айтып анан гана оӊ капталга оодарылып уйкуга кетчү. Чоӊ апамды көп эскерип, сагынып, акыркы күндөрү куса болуп жүрдү... Чоӊ апамдын көзү өткөндөн кийин «Кайран Түкөшүм, тирүү жүрсөӊ гана» деп көздөрүн балбылдатса зээним кейичү. «Мен теӊдүүлөр дээрлик азайды, азыр эми көчө бош, курбуларым калбады, Түкөшүм да таштап кетпедиби» деп акыркы күндөрү жашыкчыл болуп кеткен.
Ыраматылык чоӊ апам сыртынан сыр алдырбаган табышмактуу мүнөздүү эле. Көздөрүндө санаа, энелик убайым катылып тургандай сезилчү. Ансайын тынчтыгын бузуп сөзгө тарта берчүмүн. «Мама, (чоң апамды "мама" дечүбүз) Арал, Беш-таш эмне үчүн ушундай аталып калган?», - десем, мамам уламыштарын айтып берчү. Анан кээде «Кел, балам, чачымды өрүп берчи», десе чоӊ милдетти мага ишенип тапшырып жаткандай кудуӊдап, бубактай ак чачтарына сары майдан астейдил сыйпап, эби жок кичинекей колдорум менен өрүп берчүмүн. өрүм бүтөөрүндө жука кыркылган матаны кошо өрүп кетип аягында байлап койчумун. Чоӊ апам алкап, батасын берсе кудуӊдап калаар элем. Мен төрөлгөн айда чоӊ атам Фрунзеден оор операция болуп, куландан соо сакайып келген экен. Ошондо мамам: «Неберем акжолтой экен, чоӊ атасы айыгып келди», - деп абдан сүйүнүптүр. Мамырап эле жата берет экен деп ысымымды «Мамыргүл» коймокчу болгондо, атам ал эски ат деп болбой коюптур. Кийин мамыры гүлү (илимде «эдельвейс» д.а.) тээ тоолордун эӊ бийик чокуларында өскөн аппак, назик гүл экенин окуп алып, ошол гүлдөй бийик, таза болсом экен деп аракет кылчумун. Экөөбүз чогуу телевизор көрүп атканда, теледен Ишенгүл Болжурова сүйлөп атса эле: «Ушул Ишенгүл Болжуровадай илимпоз бол» деп буйрук эткендей сүйлөп калчу. Жарыктыгымдын ошол сөзү дем берип, илим жолуна түшүүмө түрткү болду…
Апам чоӊ апамдын «Тарта ичсе тай калат, таркылдактан не калат» деп келиндерин сарамжалдыкка тарбиялаганын, ырым-жырымды кармап, балдар тумоолоп калса эмдеп-домдоп койгонун көп айтат. Анан да баарына тегиз мамиле жасаган калыстыгын да айтып калат. Ашыкча сүйлөбөгөн, ашыкча күлбөгөн жайын айтып келип «мамаӊардай токтоо болгула, бийик болгула» деп тарбиялады бизди. Чоӊ апам көз жумганда мен 9 жашта элем. Акыркы жолу коштошоордо супсулуу болуп, суналып жатыптыр. Ага чейин ал киши мага улгайып калгандай көрүнчү эле да, ошол күнү көзүмө жапжаш көрүнүп «эмнеге эрте эле кетип жатат» деп балалык баёо акылымда биринчи ирет катуу кайгырдым…

Чоӊ атам менен чоӊ апамдын ээрчишкен карааны эле кандай кубат берээрин кийинчерээк гана аӊдадым. Турмушумда бир жакшы жаӊылык болоордо түшүмө кирип калышат. Бекеринен «эне-ата – колдоочу тумар» деп айтылбаса керек.
Чоң атам өмүр жолунда мыкты жетекчи, чынчыл партиялык кызматкер, үлгүлүү ата, эл ичинде кадыр-баркы бийик инсан болду. Чоң апам Турар экөө 11 баланы татыктуу тарбиялап чоңойтушту, 150дөй небере, чөбөрөлүү болушту. Тилекке каршы, 2008-жылы 86 жашында арабыздан кетти.
Алардын каны биздин күрөө тамырда айланып турганда – алардын жашоо көчү улана берет. Биз Орозбай тукумунун урпактары Орозбай атабызга жана Турар апабызга миң мертебе таазим этебиз. Жаткан жерлери жайлуу болуп, жаннаттан түбөлүк орун алышсын.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter