У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакировго

Мирлан Бакировго оӊтойсуз суроолор?



- Мирлан Искакбекович, акыркы айларда сиздин дарегиңизге карата кескин сын-пикир айткандар арбы­ды. Себебин аңдап түшүнүп жатасыз­бы? «Жаман атка жал бүтсө жанына торсук байлатпайт» дегенди кандай түшүнөсүз? Дегенибиз, вице-спикер болгондон бери кыял-жоругуңуз чы­гып, бакага алтындан таажы кийгиз­сең дагы балчыкка секирет болуп жа­тасыз. Мансапты көтөрө албаганды­гыңызды жөнөкөй аткаминерге «Ту­руңуз ордуңуздан, эмнеге ак көйнөк кийип келбейсиз, Жогорку Кеңеш ба­зарбы?» - деп опурулуп, өзүңүздү көр­сөтүүгө далбастаган жоругуңуз аркы­луу далилдедиңиз.

Улгайган кишини жаш баладай кылып тургузуп алып кагып-силккенге сизге ким укук бер­ди? Укугуңуз бар болгон күндө деле мындай жосунсуз, арсыз мамилеңиз менен акмактыгыңызды көрсөтүп жатпайсызбы, чынбы? Ал аз келген­сип кетмендин башын кайра-кайра басып, спикер, премьерлерди өмүр бою мамлекеттин камсыздоосуна алышыбыз керек деген мыйзам дол­боорун сунуштап дагы төө бастыга калдыңыз. Элден сөгүү угуп, жек кө­рүндү болгондон кумар аласызбы? Болбосо болгон билим деңгээлиңиз, ой-жүгүртүүңүз ушулбу? Көз кара­шыңыз чектелүү болсо, аны кеңейтүү тууралуу ойлонуп көрдүңүзбү? Мын­дан кийин сизден дагы кандай «сүй­рүприздерди» күтсөк болот? «Жети­миш өнөрдөн» калган-катканы бар­бы? Болсо кечиктире көрбөңүз. Эл зеригип калбасын…

Суроо салган Алмаз ТЕМИРБЕК уулу


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter